7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

24.01.24. Кооз датада 200гө жакын түгөй баш кошту

612

Кыргызстанда 24.01.24 сандарын камтыган «өзгөчө» датада 184 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Бишкекте 41 түгөй, анын ичинен 14 түгөй Бакыт өргөөсүндө баш кошту. Ош шаарындагы Бакыт өргөөсүндө 4 салтанат өттү.

Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти 2023-жылы республика боюнча 44 миң 776 нике каттаган. 2022-жылга салыштырмалуу нике каттоосу 1 430га көбөйгөн. Ал эми 2024-жылдын январында 2 миң 838 түгөй никеге турган.

Никеге туруп жаткан түгөйлөр арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен жүргүзүлө тургандыгын Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертет.

Түгөйлөрдүн каалоосу боюнча никелешүүнү ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынын ичинде, ошондой эле имараттан тышкары жерде салтанаттуу жагдайда жүргүзүлүшү мүмкүн.

613