Саламаттык сактоо министрлиги республикадагы 541ден ашык жеке менчик медициналык жана фармацевтикалык уюмдарга масштабдуу текшерүү жүргүздү.
Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында 246 жеке клиника (45,5 пайыз) жарактуу лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Ошондой эле лицензиясы бар 295 субъекттин 110унда лицензиялык талаптарды одоно бузуулар табылды. Буга сертификаты жок кызматкерлер, медициналык билими жок адамдарды жумушка алуу, санитардык эрежелерди сактабоо жана катталбаган дары-дармектерди колдонуу кирет.
Көрүлгөн чаралар:
- Мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашык айып салынды;
- 263 медициналык уюмдун иши токтотулду;
- 246 мыйзамсыз иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Министрлик лицензиясы жок мекемелерге кайрылуу жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурарын эскертет.
“Медициналык жардамды расмий уруксаты бар лицензияланган уюмдардан гана алуу керек. Лицензиянын бар-жогун министрликтин расмий сайтындагы med.kg/lisenzirovanie бөлүмүнөн текшерүүгө болот”, – деп айтылат маалыматта.



