7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жакында Зардалы айылына барчу жол пайдаланууга берилет

219

Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы жолу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун транспорт министри Абсаттар Сыргабаев аталган жолдун курулуш иштеринен кабар алды.

17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу иштери 95 пайыз бүттү.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда келерки жылы кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.

Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактагы айылы.

220