Казакстандын Түркстан облусунун Келес аймагында кош бойлуу келин өзүнө өзү кол салып каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 25 жаштагы эки баланын энеси 7 айлык кош бойлуу болгон. Аялдын эмнеден улам өзүнө кол салгандыгы боюнча алдына ала эч кандай маалымат жок. Бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
«Келиндин жансыз денесинен зордук-зомбулуктун эч кандай белгилери байкалбайт. Келес аймактык милиция бөлүмү аялдын туугандары менен жолугуп, тергөө мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат«, -деп айтылат маалыматта.
Комдук активисттер аял мындай кадамга үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан улам баруусу мүмкүн экендигин божомолдошууда.
Аталган факт өзүн өзү өлтүрүү беренеси менен иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.