7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча анын жолдошу кармалды

500

25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмүнө шектүү адам кармалганын 31-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал 1998-жылы туулган маркум Н.Т.нын күйөөсү болуп чыкты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу») менен шектелип, «тергөө учурунда чогултулган жана аныкталган фактылык маалыматтардын негизинде» кармалган.

Айтурган 2024-жылы 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Ал оор абалда медициналык мекемеге жеткирилген. Дарыгердин баштапкы корутундусунда «Көп дарыдан уулануу, өзүн өзү өлтүрүү. Курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги” деп жазылган. Ал ошол бойдон эсине келген эмес. Сөөк 8-июль күнү жерге берүү үчүн Ош шаарына жөнөтүлгөн.

Ошол эле учурда маркумдун жакындары Бишкек шаарында жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул эместигин билдиришкен. Алар экинчи экспертиза жүргүзүү керек деп эсептешет, бирок бул жолу комиссия тарабынан. Алар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазышкан.

Кошумчалай кетсек, көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер экенин айтышкан. Ишти Башкы прокуратура көзөмөлдөөдө.

 

 

501