28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, 105-контурдун батыш тарабы, ТЭЦ-2 жаңы конушу, Жаңы Селекция району, Достук, Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушу Ахунбаев көчөсүнүн үстүндө, Ак-Ордо конушу Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабында оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.