Таш-Көмүр шаардык прокуратурасы тарабынан «Таш-Көмүр-Кызыл-Жар-12» багытындагы автожолго төшөлгөн жаңы асфальттын сапаттуулугуна текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүүдө, Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №38-жол тейлөө мекемеси автомобиль жолдорунун курулуш ченемдерин жана эрежелеринин талаптарын одоно түрдө бузуп, асфальтобетон катмарынын тыгыздык коэффицентин сактабастан, анын калындыгын азайтып төшөгөндүгү, ал эми ага карабастан сапатсыз салынган жолду Жол-транспорт департаментинин кызмат адамдары акты менен кабыл алышкандыгы аныкталды.
Натыйжада, мамлекетке 29 млн 104 миң 829 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 273-беренеси (“Сапаты начар курулуш”) менен кылмыш иши козголду.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.