Эртең, 3-майда кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,
- Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31,
- Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
- Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,
- Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11°.
- Бишкекте түнкүсүн 15…17, күндүз 25…27° болот.