7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

3 млн сомдун каракталышы жана Кара-Суудагы кол салуу

733

Куралдуу карактоого шектүү топ кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылды. Анын ичинде каракталган 3 миллион 66 миң сом фактысы жана Кара-Суу районунун аймагында болгон куралдуу карактоого аракет жасоо дагы фактысы бар.

“Бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалып, далил буюмдар алынды. Бул боюнча кечирээк толугураак маалымат берилет”,-дешти.

Эскерте кетсек, 25-апрелде Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган.Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, акчаны алып кетишкен. Ошондой эле, 27-апрелде Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан белгисиз адамдар үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Шектүүлөр ок чыгарышып, натыйжада эки адам жараат алып, ооруканага жаткырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

734