7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

31-август жана 1-сентябрь күндөрү жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт

269

31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы Jong Tong автобустары менен жүрүү акысыз болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай иш-чара майрамдардын урматына демилгеленген. Борбор калаанын тургундары жана коноктору КР Президенти Садыр Жапаровдун атынан сатып алынган муниципалдык коомдук транспортто эки күн бекер жүрө алышат.

Жаңы линиялар менен жүргөн No 15, № 51, № 52 автобустарга бекер жүрүүгө болот. Ошондой эле  №100, №105, №152, №195, №32 каттамдары жаңы автобустук каттамдарга алмаштырылды.

Эске салсак, майрамдык концерт Ала-Тоонун аянтында өтүп, ал түн ортосуна жакын аяктайт. Буга байланыштуу борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттун иштөөсү саат 01:00гө чейин узартылды.

Ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайларда жол убактылуу жабылгандыктан, айрым каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

1-сентябрынан тарта бардык шаардык коомдук транспорт кадимки режимде иштейт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

270