7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

34 миллион сом. Сүт цехиндеги ыпластык көрүнүш

578

Сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчу болушуп, алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга сүттү түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен.

Сүт сатып алуучулар антисанитардык шарттарда максималдуу пайда алуу максатында үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкек шаарынын ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүшүп, андан кийин алар сүт заводдоруна жеткирилгендиги аныкталган.

Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашык болгондугун, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 миллион сомго жакынды түзгөн.

10-майда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, чийки сүт өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруучуларынын бири «А.М.» аттуу жаран кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579