7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мыйзамсыз иштеген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

524

Бишкекте психотроптук заттарды ири өлчөмдө саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусун кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«В» Интернет дүкөнү өз каналы аркылуу «Telegram» мобилдик тиркемесинде кардарлар менен кат алышуу менен баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында кыстарма деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып алектенген. Жашыруун жерлерден алынган психотроптук заттар “метамфетамин” психотроптук зат болуп аныкталган.

«Telegram» мобилдик тиркемесинде «В» онлайн дүкөнүнүн 1000ден ашык жазылуучусу бар болгон. Бишкек шаарынын аймагында жогорудагы кылмышка шектүү 1999-жылы туулган жаран кармалган. Ал “В” интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьер да болгон. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө ал өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар салынган жашыруун жерлердин даректерин көрсөткөн.

Шектүү Бишкек шаарынын ШИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда кошумча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525