7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№35 жана №41 автобустук каттамдар 11-майдан баштап ишин токтотот

624

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Шыдыр жол КЖ» ЖЧКсы менен түзүлгөн №35 жана №41 автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди бузду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ташуучу ишкана тарабынан системалуу түрдө келишимдик милдеттенмелер так аткарылбагандыктан, келишим бир тараптуу бузулду.

Эске салсак, ишкана жумуштагы кемчиликтерди, тактап айтканда, кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды жоюу милдеттерин жана талаптарын аткарган эмес.

Шаардыктар линияда №35 жана №41 кичиавтобустук каттамдардагы автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан.

Аталган ишкананын өкүлүнө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Ошентип, 2022-жылдын 11-майынан тартып “Шыдыр Жол KG” ЖЧКсы жогорудагы каттамдарды тейлөөнү токтотот.

Шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсына убактылуу бекитүү чечими кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625