Өлкөдө талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 272 айдоочуларды даярдоо жана кайра даярдоо билим берүү мекемелерине (автомектеп) лицензиялар мурда берилген жана учурунда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдө толук кандуу чаралар көрүлгөн эмес.
4-апрелден тарта республика аймактарында ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 142 автомектеп текшерилип (130 автомектеп текшерилүүдө), анын жыйынтыгында 111 автомектептин жооптуу кызматкерлерине тийиштүү эскертмелер берилди.
«Текшерилген автомектептердин 13 эле автомектеп лицензиянын талаптарына жооп берет, ал эми 47 автомектептин жооптуу кызматкерлерине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айыптар салынып, лицензиянын талаптарына жооп бербеген 18 автомектеп жабылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, лицензиянын талаптарына ылайык аныкталган кемчиликтерди убагында аткарбаган автомектептер жабылганга чейин каралат»,- деп берилет билдирүүдө.