Ошто алдамчылыкка шектелип, качып жүргөн коӊшу өлкөнүн жараны Ш.У. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү 2021-жылдын 12-сентябрь айында Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургунун алдоо жолу менен 615 550 накталай акчасын жана «Тойота» үлгүсүндөгү баасы 15 миӊ доллар турган автомашинасын алдап алып, изин жашырып кеткен.
Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү Ш.У. Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан муз тебүүчү аянтча менен бассейнди жабырлануучуга «менин менчигим, аларды, бардык тетиктерин сатамын» деп, жогорудагы белгиленген суммага сатып, акчасын жана машинасын алып, изин жашырып кеткен. Чындыгында ал обьекттер бул шектүүгө таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок болгон. Кармалган учурда анын жанынан «тоо-токой коомдук фондуна» таандык жасалма күбөлүк чыккан.
Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат.
Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган жаран коӊшу өлкөнүн жараны, мурда 6 жолу соттолгону аныкталды.
Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө кызматы бул шектүүдөн жабыр тарткандар жарандар болсо төмөндөгү 102 жана 0703 22-20-20 телефондоруна кабарлап коюуну суранат.