«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Ырсалиев Жамалбек Самарбекович дайындалды.
Ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Вице-мэрлик кызматка Попиков Олег Владимирович дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.