Бишкекте Ленинград блокадачысы менен Ленинград блокадачылары кыргыз коомунун төрайымы Кутанова Анна Алексеевна менен коштошуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анна Кутанова 38 жыл мугалим болуп иштеген А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде митинг-реквием жана коштошуу аземи өткөрүлдү.
Ардагер менен коштошуу аземине КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко, Бишкек шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, Анна Кутанованын үй-бүлөсү жана жакындары катышты.
Кутанованын сөөгү борбор калаанын Түндүк көрүстөнүнө коюлат.
Бишкек шаарынын мэриясы Анна Алексеевна Кутанованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
«Анна Алексеевна чексиз чыдамкайлыктын, чексиз кайраттуулуктун жана эрктүү мүнөздүн үлгүсү. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат»,-деп берилет билдирүүдө.