7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

350 миллион сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

558

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Ошто 350 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жер тилкелер муниципалдык чөйрөдөгү коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында кайтарылган.

2001-жылдын 31-июлунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Лима-Текс» ЖЧКсына (азыркы «Ак-Текс» ЖЧКсынын ээси) Ош шаарынын Привокзальная көчөсү, №101 «А» дареги боюнча жайгашкан 2,83 гектар жер тилкеси убактылуу колдонууга берилген.

Ош облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы УКМКнын 15-ноябрдагы материалдарынын негизинде Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген апелляциялык даттануусун карап, мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Чечим жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирди.

Баалоо корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин баасы кылмыш жасоо учурунда 350 миллион сомду түзгөн, бирок азыркы учурда базар баасы боюнча 800 млн сомго жетиши мүмкүн.

УКМК жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

559