7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«37 млн сомдон ашык зыян». Медициналык калдыктарды полигонго ыргыткандар аныкталды

433

УКМК тарабынан экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык мыйзамдардын белгиленген эрежелерин бузуу менен, дезинфекциялоосуз жана зыянсыздандыруусуз медициналык калдыктарды көмүү, сактоо, ташуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык коркунуч туудурган бузуулар аныкталды.

Мындай көрүнүш калктын ден соолугуна, табигый чөйрөгө жана биологиялык ар түрдүүлүккө терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда тиешелүү уруксат кагаздары (лицензиялары) жок иштеп жаткан кайра иштетүүчү ишканалар да аныкталды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук нормаларын жана эрежелерин одоно бузуу аракети менен, Бишкек шаардык санитардык полигонуна катуу таштандыларды жамынып алып, өзгөчө кооптуу таштандыларды алып чыгып жаткан жеке ишканалар такталды. Алар КРнын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” мыйзамын одоно бузушкан. Мындан тышкары, жарандык инфраструктура объектилеринин арасында жайгашкан өзгөчө кооптуу медициналык калдыктарды белгиленген эрежелерди бузуу менен сактоо жана ташуу фактылары да ачыкталды. Аталган калдыктар аркылуу коркунучтуу оорулардын (ВИЧ инфекциясы, вирустук гепатит ж.б.) калкка жугуу коркунучу жогору болгон.

Мындан улам, таштанды чыгаруучу ишканалар тарабынан айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөнбөгөн («Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренеси жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-сентябрындагы №559 токтомунун 3-пунктунда белгиленген). Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

УКМК козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз аракеттерге жеке компаниялардын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларды улантууда.

 

434