7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

38 жылдан бери иштеп келе жаткан лифттердин техникалык абалы кандай?

593

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын адистери көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттердин техникалык абалын текшеришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-кичирайонундагы № 38 жана 40-үй даректериндеги  муниципалдык лифттерден башталды. Текшерүү учурунда лифтердин эшиктери, шахта, кабина жана лифттин кыймылдаткычы (мотор) каралды. Бул лифттер 38 жылдан бери иштеп келет жана абалы канааттандырарлык.

Лифттерди оңдоо боюнча механиктер, көтөргүчтөрдүн жарамдуулугун текшерип, тургундардын суроо-талаптарына жооп берип, токтоп калган лифттерди ишке киргизишет.

Мындай текшерүү жүргүнчүү лифттердин кемчиликтерин аныктоо, оңдоо жана лифттин коопсуз үзгүлтүксүз абалда экендигин тастыктоо үчүн жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, март айында авариялык лифт кызматына 134 кайрылуу  келип түшкөн. Алардын ичинен муниципалдык кайрыуулар – 60, башка  жеке менчик лифттерден-29, ал эми лифтчи-операторлор тарабынан 12 эвакуация жүргүзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

594