Чүйдө чоң атасы 2 жаштагы небересин унаасы менен тепселеп кеткен. Наристе эсине келбей, ооруканада көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-апрелде болжол менен саат 18:40 чамасында Аламүдүн РИИБге Биримдик-Кут жаңы конушунда унаа наристени тепселеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине милиция кызматкерлери барып, 1973-жылы туулган киши өзүнүн Хонда Эллизион унаасы менен артындагы 2020-жылы туулган небересин байкабай, тепселеп кеткени аныкталган. Наристе алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилип, көз жумган. Учурда унаа айып короого токтотулган. Айдоочу спирт ичимдигин ичкен эмес.
«Андан соң тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери каза болгон наристенин ата-энесин суракка алып, алардын эч кимге дооматы жок болгондуктан арыз жазуудан баш тартышкан. Мындан тышкары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн да баш тартышкан. Учурда милиция кызматкерлери иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда»,- деп айтылат маалыматта.