7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4 баланы багажына салып алган айдоочу табылып, унаасы алынды

1875

Социалдык тармактарда кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаа багажына 4 баланы салып алып “Өтмөк” ашуусунан өтүп бара жаткандыгы тарап, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Буга ылайык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-аракеттери көрүлүп, факты Талас ОИИБнин көзөмөлүнө алынган.

Натыйжада,  “Тараз-Талас-Суусамыр” автожолунун, тактап айтканда “Өтмөк” ашуусунан кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат”  үлгүсүндөгү  мамлекеттик номер 07 642 ААР сандуу автоунаага Кара-Ой айылыныны тургуну Ж.Т., Суусамыр жайлоосундагы жылында өтүп жүрүүчү чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын  балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган.

“Айдоочу Ж.Т. бөлүмгө алынып келинип, унаасы токтотуучу жайга киргизилди. Ага карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды”, — деп билдирет Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1876