Кыргызстандын 4 миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова учурда 5 баланын апасы. Ал Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында 1985-жылы 27-майда төрөлгөндө ага батир жана «Жигули» үлгүсүндөгү унаа берилет деп айтылган. «Турмуш» басылмасы Кайыпова менен маектешкенде, айтылган убадалар аткарылбаганын билдирген.
«Кыргызстанда 4 миллионунчу болуп төрөлгөндө сүйүнчү катары батир жана унаа берилээри убадаланыптыр. Журналисттер берилген убада боюнча кабар алышканда «Үйдүн жана унаанын ачкычы»,-деп көрсөтүшкөн экен. Кийинчерээк ошол бойдон берилбей кетиптир. 5 миллионунчу бала төрөлгөндө да ушуга окшогон убадалар берилип, бирок аткарылбай келиптир. Берилген убадаларын аткарышпаса адамды бекер үмүттөндүрбөш керек болчу»,-деген Кайыпова.
Маекте Каныкей Кайыпова учурда 4 кызы жана бир уулу бар экенин айткан.
«Үй бүлөдө 4 бир тууганбыз, эки байкем жана сиңдим бар. 5 баламды карап келем, жолдошум Москвада эмгектенет. Ал эми, ата-энем пенсионерлер»,-деген ал.