Токмок шаарындагы мал базарда карыянын акчасын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.
Ушул жылдын 16-октябрында белгисиз жарандар Токмок шаарындагы мал базарында 1943-жылы туулган К.М. аттуу карыянын, баласынын ашына ала турган мал алуу үчүн алып келген 120 000 сом акчасын уурдалганын жана кайрымдуу боорукер кыргыз жигиттери, ошол жерден акча чогултуп беришкен видеотасма тарап кеткен.
Социалдык тармактарга тараган окуя боюнча 16-октябрдан баштап милиция кызматкерлери текшерүү иштерин баштап, акчасын уурдаткан карыянын өздүгү аныкталып, ал 1943-жылы туулган К.М. аттуу жаран болгон. Милиция акчасын уурдаткан карыянын үйүнө барып сүйлөшүү иштери жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн натыйжасында карыя арыз менен кайрылып, ал арызында 16-октябрь күнү болжол менен саат 9.00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарында курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар каза болгон баласынын ашына ала турган союштун 120 000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, аларга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинде (Уурулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзгөн иштеринин натыйжасында кылмыш жасаган адам аныкталып, ал 1983-жылы туулган Г.У. аттуу Токмок шаарынын тургуну болгон. Шектүү кармалып, Токмок ШИИБнүн убактылуу кармоо жайына киргизилип, 120 000 сом акчаны толук төлөп берди.
Учурда тергөө уланып жатат.