7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«40 күн өттү». Чек арада каза болгондорго багышталып куран окулду

826

Бүгүн, 26-октябрь күнү Баткен жана Лейлек районунун аймагында 14-17-сентябрь күнү орун алган тажик тараптын кол салуусунан 63 жарандын каза болгонуна 40 күн өттү. Буга байланыштуу шейит кеткендерди эскерип, аларга багышталып куран окулду.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган эскерүү иш чарасына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдүшүкүр ажы Нарматов жана облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, район акимдери, каза болгон жарандардын жакындары ошондой эле аксакалдар катышты.

Жалпысынан 250дөн ашык адам катышкан иш чарада облус башчысы Абдикарим Алимбаев сөз сүйлөп, каза болгондордун жакындарына өлкө башчы Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан көңүл айтып, сабырдуулук каалады.

Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө каза болгондордун урматына багышталып куран окулуп, дуба кылынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

827