Бүгүн, 26-октябрда Таласта 7 миллионунчу жаранга удаа төрөлгөн кыздын ата-энесине 200 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Турмуш басылмасына маалым болгондой, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Кара-Бура районунун Чолпонбай айылында кыргызстандын 7 миллионунчу жараны болгон ымыркайга удаа кыздуу болгон үй-бүлөдөн кабар алды.
Облус башчысы кыздын атасын жана апасын президенттин атынан куттуктап, 200 миң сомдун сертификатын тапшырды.
Буга чейин жубайлардын бир кыз, бир уулу болгон.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 7 миллионунчу болуп Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн ымыркайга Жакшылык деген ысым ыйгарган.