7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4000 доллар пара талап кылган прокурордун орун басары кармалды

351

Опузалап пара талап кылган Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун орун басары Э.С.К. кылмыш иши боюнча маселени оң чечкени үчүн ишкерден 4000 АКШ долларын опузалап талап кылгандыгын аныктады.

Ноокат райондук прокуратурасы ишкерге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөөнү уюштуруу үчүн Ноокат РИИБне өткөрүп бергендиги аныкталды.

Райондук прокурордун орун басары Э.С.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөө органдарына кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөлдүк кылып, тергөөчүлөргө ар кандай кысым көрсөтүп, мыйзамдуу процессуалдык чечимдерди чыгарууга тоскоолдук кылган, ал эми ишкер мамлекетке келтирилген 121 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурууга даяр болгон.

Белгилей кетчү нерсе, менчик ээсине же башка тарапка келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтурган учурда, тийиштүү тарап Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш.

Бирок прокурордун орун басары ишкерди соттуулугу менен коркутуп, бардык лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу менен жогорудагы сумманы опузалап талап кылган.

Мындан улам, 23-августта акча каражаттарын өткөрүп берүү фактысы катталып, Э.С.К.нын жеке унаасын  жана иш кабинетин тинтүү учурунда 3500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты табылды.

Аталган жаран кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

 

 

 

 

352