7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын пенсионерлерине жана кызматкерлерине 4,15 гектар жер берилет деген маалыматка расмий жооп

922

УКМК социалдык тармакта жарыяланган Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 4,15 гектар жер кийин УКМКнын пенсионерлерине жана кызматкерлерине берүү үчүн бөлүп берет деген маалымат боюнча жооп берди.

Маалыматка ылайык, аталган жер мурда кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-апрелиндеги №313 токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, ошондой эле, СССР мезгилинен бери ал жерлер Кыргыз ССРнын Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) таандык болгон, андан кийин жеке турак жай курууга муктаж пенсионерлер менен аскер кызматчыларына бөлүштүрүлгөн.

Азыркы учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына ылайык, бул жерлер тийиштүү ченемдерге ылайыкташтырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

923