7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

450 миң сомдон ашуун зыян. Сокулукта алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

703

Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 17-февраль күнү Сокулук РИИБүнө 1975-жылы туулган жаран К.А. арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек кишиге жана аны менен чогуу жүргөн бир топ жарандарга чара көрүп берүүнү суранган.

Анткени алар жабырлануучуга 2021-жылдын ноябрь айында анын ишеничинен толук кыянаттык кылып пайдалынышып, алдоо жолу менен Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу айыл-чарба багытындагы жер тилкесин үй салууга мүмкүн экендигине шылтоо кылышып сатышкан. Найтыйжасында жабырлануучуга 450 000 ашык акча каражатына зыян келтиришкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1970-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

704