478 окуучу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-25-мартта Бишкек- Ош шаарларында, облустарда жана Чүй облустук борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы болуп өткөн. Олимпиада 17 предмет боюнча болуп, жалпысынан 1 976 окуучу катышкан. 478 мектеп окуучулары республикалык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү деп табылып дипломдор, сертификаттар тапшырылган.
Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 270 окуучу Жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.