Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухаммедовго «Түркмөнстандын эмгек сиңирген ит багуучусу» наамын ыйгарды. Мамлекет башчынын бул тууралуу жарлыгы 21-апрелде телевидение аркылуу расмий кабарланды.
Түркмөнстанда Алабай породасындагы иттерге да, ит багуучуларга да өзгөчө көңүл бурулат. 2020-жылдын нобярында Ашхабадда Алабайга чоң айкел орнотулган.»Эмгек сиңирген ит багуучу», «Эл ит багуучусу» сыяктуу жогорку наамдарды 2021-жылдын мартында парламент негиздеген. Президент «Түркмөн Алабайы» китебин жазып, ММКлар аталган китеп «элдин жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт» деген пикирин айтышат.
Өлкөдөгү абройлуу сыйлыктардын бири саналган бул наам Сердарга эгемендик доорунда ит багуу жаатында жетишкен ийгиликтери үчүн ыйгарылды.
Сердар Бердымухаммедов — премьер-министрдин орунбасары, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы жана «Түркмөн Алабайлары» эл аралык ассоциациясынын жетекчиси.
Эске салсак Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухаммедов иттер жөнүндө китеп жазган.