Бажы кызматынын Түштүк-Батыш инспектору мамлекетке өзгөчө өлчөмдө зыян келтиргендиги үчүн кармалды. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-апрелде Түштүк-Батыш бажысынын инспектору кармалган.
«Э.И.С.» жеке ишкерлер менен сүйлөшүп, элдерге керек товарларды импорттоо менен алектенип, төлөмдөрүсүз бажы процедураларын жүргүзгөн. Мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирген.Ош облустук башкармалыгынын тергөө камагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, — дейт маалыматта.