7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

5 жашар кызды зордуктаган шектүү бычылып, өмүр бою эркинен ажыратылды

914

Казакстанда 5 жашар кызды зордуктап, андан соң бычактап өлтүргөн шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечим Түркстан облусунун райондор аралык сотунун чечими менен кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, окуя 13-июль күнү болгон, анда кызды бүткүл айыл жоголуп кетти деп издешкен. Андан соң, Жибек-Жолу айылында 5 жашар кызды 48 жаштагы кошунасы сарайында зордуктап мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Кыздын жансыз денеси сарайда табылган.

“Шектүүгө өмүр бою эркинен ажыратуу жана химиялык кастрация жазасын дайындайм. Соттолуучу жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөйт”, — деп билдирди Түркстан облусунун судьясы Даурен Мадалиев.

Ошондой эле, шектүү каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө 100 миллион теңге өлчөмүндө моралдык чыгым төлөп бериши керек.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

915