Панфилов районунда жөө адамдар өтчү жолдон 50 жаштагы жаранды унаа сүзүп кетип, алган жаракаттарынан улам ошол жерде жан берди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, кырсык кечээ саат 21.00 чамасында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 76-чакырымында болгон.
«»Toyota Land Cruiser» үлгүсүнүн 66 жаштагы айдоочусу Чалдоварды көздөй келе жатып, 50 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Алган жаракатынан улам ал ошол жерден көз жумду. Окуя Панфилов районунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан тергелип жатат», — деп билдиришти башкармалыктан.