7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

50 жылдан кийин Кара-Көл шаардык милициясы жаңы имараттуу болот

553

Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Иш-чарага Кара-Көл шаарыны мэри Таалайбек Конкобаев, Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Чыңгыз Кимсанов, Кара-Көл ШИИБдин башчысы Эрнист Молдокеев катышты.

2 кабаттан турган жаңы имарат ИИМ тарабынан каржыланып, жалпы аянты 650 чарчы метрди түзөт.

Буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбеков Кара-Көл ШИИБге келген учурда жаңы имарат салууга колдоо көрсөтүлөөрүн билдирип, жер аянтын көрүп кеткен.

Милиция бөлүмүнүн эски имараты 1974-жылы курулган.

 

 

 

554