Бишкектеги Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө төрт түнгө кыймыл чектелет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди.
Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында, Асаналиев (Некрасов) көчөсүндө жайгашкан өтмөктөгү тосмо жабдуусун алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
“Буга байланыштуу 8, 9, 10 жана 11-октябрда саат 21:00дөн 06:00гө чейин унаа кыймылына жарым-жартылай чектөө киргизилет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Иштер этап-этабы менен аткарылат, алгач жолдун бир тарабы жабылып, кийин кыймыл экинчи тарабы аркылуу жүргүзүлөт. Айдоочуларга каттамын алдын ала пландоо сунушталат.



