7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда курсактагы баланын өпкөсүнө операция жасалды

9

Кытайлык адистер эненин курсагындагы түйүлдүктүн өпкөсүндөгү шишикти чекиттик микротолкундук абляция ыкмасы менен кичирейтүү боюнча операция жасашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Операцияны Шэньчжэнь шаарындагы ооруканасынын жана Гонконг кытай университетинин дарыгерлеринен турган биргелешкен топ жасаган.

Шишик 40 жаштагы аялдын кош бойлуулугунун 22-жумасында аныкталган. Шишиктин көлөмү болжол менен 5 сантиметр болуп, көкүрөк көңдөйүнүн оң тарабын толугу менен ээлеп, жүрөктү кысып ич көңдөйүнө суюктуктун топтолушуна алып келген.

Адистер жогорку тактыктагы УЗИнин көзөмөлүндө эненин ич капталы жана жатын аркылуу ичке абляциялык ийнени шишиктин өзөгүнө киргизишкен. Микротолкун менен ысытуу процесси эки мүнөткө созулган. Операциядан үч күн өткөндөн кийин шишиктин көлөмү кыйла кичирейип, толугу менен жоголгон.

Кош бойлуулуктун 37-жумасында аялга пландуу кесарево операциясы жасалган. Бала 2,9 килограмм салмакта төрөлдү.

10