Эртең, 7-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрулөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, суу берүү турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде, социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттеринде өчүрүлөт.
Ошондой эле Чүй проспекти – Ибраимов – Фрунзе – Осмонкул көчөлөрү менен чектелген аймакта ичүүчү суу берүү токтотулат.
«Суу чектөө диаметри 500 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу», — деп белгиленди маалыматта.




