7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нооруздун көркү болгон сүмөлөктү даярдоо жолдорун билесизби?

684

Илгертеден кыргыз эли күн-түндүн теңелген күнүн Нооруз деп белгилеп, майрамдап келишкен. Дал ушул күнү майрамдык дасторкондун көркүн ачкан негизги тамак сүмөлөк тууралуу айтып беребиз.

Белгилей кетсек, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырып, тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип аралаштырып, ар бири өз каалоо-тилектерин айтса болот. Сүмөлөк даяр болгончо чейин казанды тегеректеген эл ыр-тамаша менен көңүл ачып майрамдык кечени улантышат.

  •  Алгач буудайды жакшы тандап алыш керек. Буудайды сууга чылап, көптүрүп алгандан соң күн жакшы тийген таза, жылуу бөлмөгө тактайга жайып, үстүн жаап коюш керек. Өндүрөөрдө сөзсүз бөлмөнүн температурасына көңүл бөлүшү абзел.
  • Жайылган буудайдын үстүнө күнүнө 3 маал суу чачып туруу керек. Буудай ар кимдин ниетине жараша ар башкача өнөт деп дагы айтылып келет.
  • Сүмөлүк бир үй-бүлө үчүн эмес, коңшу-колоң башкача айтканда бир айылга арналып жасалат. Андыктан, буудайдын көлөмү адам башына жараша болот, негизинен бир килограмм буудайды өндүрүү сунушталат. Өнгөн буудайды майдалап, аны марлиден өткөрүп сүзүп алат. Бир киллограмм өңгөн буудайга 2-3 килограмм ун кошулат
  • Эми казанга асар алдында өзүнүн дагы ырымдары бар. Алсак, коңшуларга жакшылык болсун деген тилек менен элге май токоч таратылат. Андан соң казанга май куюлуп, май буудайдын көлөмүнөн эки эсе көп болот. Ага алгач боорсок, же токоч бышырып алып, анан сүмөлөк башталат.
  • 41 даана таза жуулган таш салынат, мунун өзүнүн бир мааниси бар экени айтылат. Ошондой эле негизги азыктардан сырткары, жаңгак, мейиз, өрүк, кум шекер кошулат.
  • Сүмөлөктү түнү бою тынбай аралаштырып, 10-12 сааттай кайнатып туруу керек. Оттун табы да күчтүрөөк жана бирдей болушу керек. Ал эми эзилген буудайдын кошулмасы толугу менен казанга куюлбастан аны жетиге бөлүп, куюп турат. Ошол бойдон үстү жабылат. Ал эми сүмөлөк даяр болгон учурда чыпалак менен ооз тийсе тилектер орундалат экени айтылып келет.

Тарыхка кайрылсак, Нооруз күндөрүндө согуш токтолуп, уруу аралык кастыктар жоюлуп, эл чыр-чатагын унутуп, таарынгандар элдешкен, жүрөктөргө жылуу сезимдер келген. Нооруз накта элдик майрам болгондуктан, анын өзөгүн элдин байыртадан бери келаткан салт-санаасы, үрп-адаты, оюн-тамашасы түзгөн. Төө ат чабылып, ат үстүндө түрдүү чеберчиликтер көрсөтүлгөн. Балбандар күрөшкө түшүшүп, көзгө атар мергендердин мелдештери өткөрүлгөн. Кечкисин ар түрдүү оюндар уюштурулуп, майрам аябагандай кызыктуу өткөрүлүп келгендигин ата-бабаларыбыз айтып келет.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685