7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

55 млн сомдук контрабандалык тамекилер табылды

750

Бишкекте милиция кызматкерлери 55 млн сомдук контрабандалык тамекилерди аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан кампаларда контрабандалык товарлар — акциздик маркасы жок ар кандай түрдөгү тамекилер сакталып турган. Товарлар борбор калаанын ар кайсы бөлүктөрүнө, анын ичинде «Берекет» соода борборуна сатуу үчүн ташылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Борбор калаада кылмышка шектүүлөрдү кармоо жана буюм далилдерди табуу боюнча ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, 55 млн сомдук акциздик маркасы жок 550 миң тамеки салынган миңден ашык кутучалар табылып, алынган.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

751