7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 млн сомдон ашык зыян. Муниципалдык ишкананын мурдагы директору кармалды

599

Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын товардык-материалдык баалуулуктарын негизсиз эсептен чыгаруу жолу менен бюджеттик каражаттарды алып коюунун кылмыштуу схемасы аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Тактап айтканда, ишкананын мурдагы жетекчиси тарабынан автотранспорттун тетиктерин, ошондой эле иштебей турган атайын техника үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруунун белгиленген механизми уюштурулган.

Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы тарабынан ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, мамлекетке 6 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталды.

Муниципалдык ишкананын мурдагы директору Ж.К.Ж. кармалып, Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

600