7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6 млн сомдук зыян. Мамкурулуш агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды

419

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланышып, жеке материалдык пайда табуу максатында бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен Ведомствонун кызматкерлерине эмгек акы төлөө аракетин шылтоолоп, агенттиктин С.Н.К аттуу башкы бухгалтеринин өздүк эсептерине которуу жолу менен бюджеттик каражаттарды системалуу түрдө чыгарышкандыгы жана өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факт боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган Агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» МИнин башкы бухгалтери С.Н.К кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

420