7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

60 млн. сомго сатылып алынган унаалар кимдерге берилери белгилүү болду

1108

Президенттин аппаратынын расмий сайты Автотранспорт бирикмеси тарабынан 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө берди. Анда унааларды сатып алууда материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жакшыртуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрация башчыларынын (акимдердин) ишинин ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлөөрү айтылат.

Маалыматка ылайык, райондордун акимдеринин кызматтык унаалары акыркы жолу 13-15 жыл мурун сатылып алынган жана алар моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткен. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү дайыма оңдоп турууну жана республикалык бюджеттен чыгымдарды талап кылууда.

Бийликтин вертикалын чыңдоо, акимдердин статусун жогорулатуу максатында автопаркты жаңылоо чечими кабыл алынды. Ал эми буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, облустарда акимдерди масштабдуу ротациялоо иши жүргүзүлгөн.

“Аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана жакшыртуу иштери кайра дайындалган акимдердин эффективдүү иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүүгө карай багытталды”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1109