7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аргам түгөндү! Президенттин ишкерлерди колдоо керек деген жарлыгы кайда? Ишкердин кайрылуусу

483

11-августта Ош шаарынын Жапалак айылынын четинде жайгашкан арматура заводунун ишмердүүлүгүнө нааразы болгон жергиликтүү тургундар кайрадан митингке чыгып, заводдун башка жака көчүшүн талап кылган. Кечээ, Ош шаарына жаңыдан дайындалып барган мэрдин милдетин аткаруучу Алмаз Мамытов жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын талабын орундатууга убада берди.

Акцияга чыккандар арматура чыгарган завод экологиялык талаптарды аткарбай жаткандыгын, анын натыйжасында айыл тургундарынын балдары ар кандай ооруларга чалдыгып жаткандыгын айтышкан.

«Заводдун түтүнүнөн дем алууга болбой калды. Балам жакында эле жүрөгүнөн операция болуп келди. Мындай абал башкаларда да болууда. Бул улана берсе биздин жаш балдарыбыздын ден соолугу эмне болот«, — дейт айыл тургуну Анар Айбашова.

Мамбетов тургундар менен чогуу заводдун ичине кирип текшерип чыккан соң, ишкерге башка аймактан жер бөлүп берүүнү убада кылып, башка жака көчүп кетүүсүн сунуштаган.

Арматура заводун кыргыз-кытай ишкерлери биргелешип  2016-жылы  ачкан. «Хонда компани» ишканасында 100дөй кызматкер эмгектенсе,  алардын 20% кытайлыктар, калган 80%ы жергиликтүү тургундар.

Жаңы мэрдин мындай чечимине ишкер менен инвесторлор нааразы. Алар «Президенттин ишкерлерди колдоп, инвестицияга шарт түзөбүз»- деген сөзу кайда деп суроо салат.

«Урматтуу ишкерлер Кыргызстанга эч кандай завод, фабрика курбагыла! Сиздерди эч ким коргой албай! Биздин мыйзамдар иштебейт, эл чечет! Эл эмдесе ошо болот. Биздин эл, сен завод салсаң «Оо молодец» — дебейт эч качан. «Аны жок кылыш керек, элге зыяны тийет»- деп жаптырып салат. Биз коомчулук оңолмоюн мамлекет эч качан кризистен чыкпайт. Мигрант болуп иштеген кыргызбайга өз мамлекетинде иштеген жакпайт. Колдо бар сары алтындын баркы жок!» -деп ызаасына буулуккан заводдун жетекчиси Ильгиз Капаров Президенттен колдоо күтөт.

Ишкердин айтуусунда, завод 100дөй адамд иш менен камсыздайт, мамлекетке миллиондоп салык төлөйт.

«Элибиз жалган айткандан коркпой калды. Ким ушундай экен десе эле агып жөнөп барат, билип билбей. Канчалан акчаларды сарптап инвестор апкелип оборот болбой наоборот болуп жатат. Ошентсе биздин мамлекетке кайдан инвестор келсин туугандар!!!  Байкап көрүнүздөр кайсыл жактан түтүн келгенин…. Айтсам арманым көп. Президентин жарлыгы кайда калды ишкерлерди колдо керек деген. Мамлекетке салым кошобуз деп кайра банкрот болуп отуруп калдык. Урматтуу президент сизден жардам сурайбыз ушул маселени чечип бериңүздү суранабыз. Кытайлык инвесторлор менен биргеликте суранабыз! Аргам кетти!!!» -дейт Капаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

484