Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу ал видеокайрылуу жасап, анын кетүүсүнө эч кандай саясий кадам болбогонун айтты.
Ал бул кызматта 10 күн иштеди. Өлкө башчы Садыр Жапаровго ишеним арткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, алдыда элге дагы-да болсо кызмат кылууга даяр экендигин айтат.
«Акыркы үч жылда Ош шаарынын мэри болуп эмгектендим. Жаңы пландар менен Бишкек шаарына келгем. Мен кызматтан кетип жатканымда эч кандай саясат жок. Бул кээ бир жеке иштерге байланыштуу»,-деди ал.
Ошондой эле ал жакын арада жаңы пландары менен бөлүшөрүн айтып, аны сындап курчуткан жана колдоп күч-кубат берген мекендештерине ыраазычылык билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram