7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Июль айында медиктерге кенемте төлөөнүн жалпы суммасы 255,2 млн сомду түздү

540

Июль айында кызыл зоналарда иштеген медицина кызматкерлерине кенемте төлөөнүн жалпы суммасы 255 млн 234 миң 855 сомду түздү. Бул тууралуу брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Анын айтымында, июлда медициналык жардам көрсөтүүгө 15 миң 606 медициналык кызматкер тартылган, анын ичинде 3 миң 341 дарыгер, 6 миң 436 медайым, 2 миң 211 санитарка жана 3 миң 618 башка персонал.

Өскөмбаеванын маалыматына караганда, медицина кызматкерлерине кенемте төлөмүнүн жалпы суммасы 255 234 855 сомду түздү, анын ичинде:

— Бишкек шаарына – 118,9 млн сом;

— Ош шаары жана Ош облусуна – 38,1 млн сом;

— Баткен облусуна — 9,8 млн сом;

— Жалал-Абад облусуна –21,1 млн сом;

— Ысык-Көл облусуна – 17,0 млн сом;

— Нарын облусуна -6,6 млн сом;

— Талас облусуна — 5,9 млн сом;

— Чүй облусуна – 37,9 млн сом.

Ал белгилегендей, бул каражаттар саламаттык сактоо уюмдарына ушул жуманын аягына чейин которулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541