7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталмай болду

2731

Билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Маалым болгондой, окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынган. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу окутууну кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлору эске алынышы керек.

Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-августуна карата 56 миң 114 кызматкерге COVID-19га каршы 1 дозадан кем эмес эмдөө жүргүзүлгөн, бул 36,7%ды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70%дан кем эмес эмдөө керек, башкача айтканда, өлкөдөгү 52 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүү абзел.

Эскерте кетсек, токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбейт. Мындан тышкары, окуу жылы 11-сентябрдан кийин башталган бир катар чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2732