Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында чет элдиктер жана Кыргызстандын жарандары үчүн интимдик жайларды уюштурган адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алсак, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) каралган кылмыштын курамы боюнча 10 сойкукана жана 1 салон аныкталган. Алардын ишмердүүлүгүндө интимдик кызмат көрсөткөн 18 жаштан 25 жашка чейинки кыздар бар.
24-ноябрда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Шопоков шаарында, Сокулук айылында, Кант шаарында, Токмок шаарында, Беловодск айылында жайгашкан даректерде фото жана видео жазуу менен Чүй облусуна, ошондой эле Бишкек шаарында сексуалдык кызмат көрсөтүүчү сойкуканалардын мыйзамсыз иштери катталды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жети «Сутенёрлор» кармалып, аталган мекемелердин ээлери, уюштуруучулары жана администраторлору УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, аталган интимдик жайлардын бир катарлары сыртынан караганда караоке-клуб катары көрүнгөн. Бул жакта Түштүк Корея жана Кытайдын жарандары үчүн кызмат көрсөтүлгөн. Интимдик кызмат көрсөтүүгө тартылган кыздардын жалпы саны 67ни түздү.
Учурда жогоруда аталган сойкуканалардын мыйзамсыз иштерине шефлик кылууга катышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.