7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Сапаттуу билим берүү – жаркын келечекке карай жол

450

Сапаттуу билим берүү – жаркын келечекке карай жол жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн пайдубалы. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы №98 мектептин ачылыш аземинде билдирди.

Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча быйыл борбор калаада 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталгандыгын белгиледи. Бул максаттарга 3 млрд сом багытталып, анын ичинде республикалык бюджеттен – 2,5 млрд сом, шаардык бюджеттен 450 млн сом бөлүнгөн.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм. Бүгүн биз Алтын-Ордо конушунда алгачкы мектепти ачып жатабыз жана бул балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Мектепке Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы ыйгарылды», — деди ал.

Акылбек Жапаров окуучуларга окууларындагы чоң ийгиликтерди жана ар дайым билимге ынтызар болуусун каалады.

«Билимдүү адамдар аркылуу гана экономиканы, маданиятты, искусствону, спортту көтөрө алабыз. Мугалимдер билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуунун заманбап алдыңкы ыкмаларын киргизүү үстүндө талыкпай эмгектениши керек. Сапаттуу билим туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы катары жаркын келечекке жол ачат. Балдарыбыз бир нече чет тилдерде сүйлөп, музыкалык билимге ээ болушу керек, так илимдерди, өзгөчө IT технологияларды үйрөнүшү зарыл. Алар мектептен ар тараптуу билим алган калыптанган инсан катары чыгышы керек», — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы №10 орто мектепте болуп, Билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга катышты.

«1-сентябрь ар бир окуучу үчүн эң жаркын жана кубанычтуу күн катары эсте калат. Окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Белгилүү болгондой, Мамлекет башчы билим берүү тутумун реформалоого, мектеп жана бала бакчаларды курууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Үстүбүздөгү жылы мугалимдердин эмгек акысы – эки эсеге,  ал эми тоолуу райондордогу мугалимдердин айлык акысы үч эсеге көбөйтүлдү. Мугалимдердин иштеши үчүн мындан ары да ынгайлуу шарттарды түзөбүз», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалымдама:

«Алтын-Ордо» жаңы конушундагы мектеп 480 орунга ылайыкталган. Окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлардан (окуу класстары, ашкана, актовый зал, санитардык түйүндөр, спорт залы) турат. Сметалык наркы 210 251,8 миң сомду түзөт.

640 окуучуга эсептелген №10 мектепти капиталдык оңдоонун сметалык наркы 83299,6 миң сомду түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

451