Бүгүн 7-каналдын жетекчилиги теория менен тажрыйбаны бирдей айкалыштырган, заманбап медиа индустрияга өз салымын кошуп жаткан Медиа Манаста таанышуу максатында болду.
Жолугушуу учурунда каналдын башкы директору Илязбек Балташев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Манас» телеканалынын директору Бюлент Намал жана ТРТ Түркия радио телеберүү мекемесинин өкүлү Убейдуллах Йенер менен жакындан таанышып, эки тараптуу кызматташууга кызыктар экенин билдирди. Түркия тарап 7-канал менен мындан ары да кызматташууну тереңдетүү боюнча пикирин билдирип, жакынкы арада телеканалга таанышуу иретинде келерин айтты.
Учурда 7-канал Түркиянын КРдеги элчилиги, TIKA Түрк кызматташтык жана координация агенттиги жана TGA Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги менен кызматташат.